Кыргызстандын унаалары Евразиялык мейкиндикте таанылат

fast

Кыргызстандын унаалары өлкө Евразиялык Экономикалык Биримдикке киргенден тарта тааныла баштайт. Бул тууралуу Евразиялык өнүктүрүү банкы даярдаган жаңылыктар дайджестинде жазылган. Маалым болгондой, мындай укукка Кыргызстандын аймагына 2014-жылдын 1-январына чейин кригизилген транпсорттор ээ болот. Башкача айтканда 2014-жылдын 1-январына чейин үчүнчү өлкөдөн Кыргызстандын аймагына киргизилип, колдонууга алынган тарнспортттун баары ЕАЭБнын товарлары катары каралат. Ал эми 2014-жылдын 1-январынан кийин киргизилген унаалар мыйзамда каралган пошлина төлөгөндөн кийин гана ЕАЭБнын товарлары болуп эсептелет. Ал эми 2025-жылдан тарта бул категориянын унаалары пошлинаны төлөбөсө да Евразиялык мейкиндикте легалдуу болуп эсептилинет.

Кыргыз жарандары транспортко бажылык пошлинаны өлкөсүндөгү мыйзамга ылайык жүргүзсө да болот, бирок мындай учурда алардын транспорту ЕАЭБ мейкиндигинде чет элдик унаа катары каралат. Биримдиктин алкагында транспортко эч кандай чектөө киргизилбейт, ээн-эркин жүрө берет. Ал эми транспортту кайра каттоодон өткөрүү процесси – биринчи жолу каттоо эрежелери менен коштолот.

Ваше мнение: